17:11
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин орун басары болуп шайланды

Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин орун басары болуп шайланды. Мындай чечим бүгүн КСДПнын саясий кеңешинин отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, партиянын төрагасынын орун басары кызматына Асел Кодуранова, Сапар Исаков жана Мурадыл Мадеминов сунушталган. Жыйынтыгында кеңеш мүчөлөрү аталган кызматка Сапар Исаковду тандашкан.

Буга чейин Атамбаевдин орун басары кызматын Фарид Ниязов аркалап келген. Ниязов экс-президент негиздеген »Апрель” кайрымдуулук фондун жетектөөгө кеткен соң, анын орду бош калган.

 Эскерте кетсек, 19-апрелде парламент өкмөткө ишенбестик көрсөтүп, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков отставкага кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар