08:27
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Раимкул Аттокуров Россиянын президентинин алдындагы комиссияга мүчө болду

Москва жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын коомдук кеңешинин төрагасы Раимкул Аттокуров Россиянын президентинин алдындагы кеңештин миграциялык маселелер жана чет элдик жарандардын социалдык-маданий адаптациясы боюнча комиссиясына мүчө болду. Бул тууралуу диаспоранын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ аталган комиссиянын жыйыны өтүп, анда Раимкул Аттокуров бир добуш менен мүчө болуп кабыл алынды.

Комиссия мүчөлөрү Раимкул Аттокуров Россиядагы кыргыз диаспорасынын ишине жана мигранттардын адаптациялоосун илгелиретүүгө салым кошоруна ишеним артышты.

Раимкул Аттокуров 2007-2010-жылдар Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп эмгектенген.

Эң көп окулган жаңылыктар