USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Өрттөн жабыркаган сатуучулар менен вице-премьер-министр жолугушту

12:51, 27 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош базарындагы өрттөн жабыркаган сатуучулар жана ишкерлер менен вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жолукту.

Замирбек Аскаров экспертиза иштерин тездетүүнү тапшырганын айтты. Учурда жабыр тартуучулар үчүн штаб түзүлгөн.

«Сатуучулар Жогорку Кеңишке же өкмөткө түз кире албагандыктан штаб түзүлдү», -деди ал.

Вице-премьердин айтымында, соодагерлер алган насыянын мөөнөтүн узартуу боюнча Улуттук банк менен сүйлөшүү жүрдү. Насыя алуучуларды алты жыл, алты айга пайыздык төлөмдөн бошотуу маселеси каралууда.

Сатуучулар базарды калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү талап кылышты.

Жабыр тарткандардын тизмесине 133 киши катталган.

Эскерте кетсек, 13-апрелде таңкы саат 04:00 чамасында Ош базарынан өрт кырсыгы катталган. Жыл башынан бери аталган жай үчүнчү жолу өрт чыкты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика