15:19
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ош базардагы өрткө байланыштуу «Берекеттин» директору менен кызматкери кармалды

Ош базардагы өрткө байланыштуу «Берекет» соода борборунун директору менен кызматкери кармалды. Бул тууралуу маалымат жыйынында шаардык ИИБнын тергөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Молдалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, алар базарда өрт коопсуздугун сактабагандыгы үчүн камакка алынды.

«Учурда убактылуу кармоочу жайда камакта. Аларга айып тагылды, эми баш коргоо чарасы аныкталат», — деди Нурлан Молдалиев.

Мекеменин жетекчиси Сталбек Рахманов базар жетекчилигине бир нече жолу эскертүү берилип, өрт чыгаардан бир нече ай мурун 50 миң сом айып салынганын айтты. Бирок базар жетекчилиги эч кандай чара көргөн эмес.

Эскерте кетсек, 13-апрелде таңкы саат 04:00 чамасында Ош базарынан өрт кырсыгы катталган. Жыл башынан бери аталган жай үчүнчү жолу өрт чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар