06:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президенттин атын сатып министрлерден акча талап кылган жаран изделүүдө

Президенттин оң колумун деп министрлерден акча талап кылган жаран изделүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдары билдирди. Ал жаранга алдангандардын арасында айыл чарба министри Нурбек Мурашев дагы бар. 

«Ал президенттин атынан чалып, кресло үчүн ыраазычылык билдиришиңер керек деген. Бир аз акча алган. Жаран бир нече мекеменин башчыларынан ошентип 150 доллардан алыптыр. Учурда издөө иштери жүрүп жатат», — деп маалымдады милиция.

Маалыматты айыл чарба министри дагы тастыктады. Алданган аткаминерлер укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан.

Эскерте кетсек, буга чейин дагы ушундай ыкма менен акча тапкан 38 жаштагы Санжарбек Супатаев кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума