02:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ырчы Асел Кадырбекованы ата-энеси Нурлан Насиптин колуна тапшырды

Кечээ, Оштогу тойканалардын биринен Ырчы Асел Кадырбекованы ата-энеси турмушка узатты. Анын болочок жары шоу бизнес чөйрөсүндөгү төбөсү көрүнгөн жаш ырчылардын бири Нурлан Насип.

Жаштардын тоюна тууган уруктарынан тышкары, чыгармачыл чөйрөдөгү достору дагы күбө болду. Тамада күйөө жигитти кучак толо гүлү менен чакырып алган соң, келинди ырчы Анжелика жар-жар айтып коштоп чыкты.

Эскерте кетсек, Нурлан Насип 20- апрелде Асел Кадырбекованын колун сураган. Жаштардын кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүнө жети жыл болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума