14:17
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Жаңы баш прокурорду хан сарайдан жана жол тандабастан баш тартууга чакырышты

Жогорку Кеңеш Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурорлукка бекитти. Ал жемкорлукту өзүнөн баштап, прокуратуранын ишин реформалоону убадалады.

Жыйында депутат Жанар Акаев жаңы баш прокурор Өткүрбек Жамшитовду хан сарайдан жана жол тандабастан баш тартууга чакырып, Румыниянын баш прокурорун мисал катары келтирди.

«Ал хан сарайда жашабайт жана жол тандабас минбейт. Анын тарыхта калуу мүмкүнчүлүгү бар. Бир тууганын түрмөгө отургузган Румыниянын башкы прокурору сизге үлгү болуусу керек. Учурда эл прокуратурага ишенбейт. Прокуратура кызматкерлери элдин ишенимине кириши зарыл. Кыргызстанды укук талаасына алып келүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар», — деди Жанар Акаев.

Башкы прокурорлукка талапкерди президент Сооронбай Жээнбеков сунуштады. Мурдакы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 11-апрелде парламент өлкө башчысынын көрсөтмөсү менен иштен алган.

Өткүрбек Жамшитов 42 жашта. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар