19:51
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Абылгазиев: Укук коргоо органдарына кесипкөй, таза адистер тартылышы керек

«Укук коргоо органдарына кесипкөй, таза адистер тартылышы керек» — деп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешмеде билдирди.

Кеңешмеде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун тийиштүү камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коомдо укук коргоо органдарына карата олуттуу сындар, анын ичинде коррупциялык көрүнүштөр боюнча да нааразычылыктар бар. Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимдерине ылайык, укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөш айныксыз түрдө, ээлеген кызмат орундарына карабастан жүргүзүлүшү кажет. Буга катар күч блогунун кадрдык потенциалын жогорулатуу үстүндө ишти алып баруу зарыл. Укук коргоо органдарына кесипкөй жана таза адистер тартылышы керек», — деди ал.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов өкмөт башчыга өлкөдөгү коомдук-саясий жана криминогендик абал, ошондой эле Тогуз-Торо районундагы алын өндүрүү фабрикасынын өрттөлүшү, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы ири базарлардагы өрт фактысы боюнча кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Өкмөт башчы аталган иштерге тийиштиги бар жактар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы керектигин баса белгиледи.

Премьер-министр аталган иштердин бардык жагдайын дагы бир ирет тыкыр иликтеп чыгып, өлкөнүн ири рынокторундагы коопсуздук техникасынын сакталышы боюнча жумушчу кеңешме уюштурууну тапшырды.

Мындан тышкары, премьер-министр Бишкек жана Ош шаарларында «Акылдуу шаар» долбоору алкагында фото жана видео-байкоо жүргүзүү тутумун баскыч-баскычы менен орнотуу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

«Аталган долбоордун ишке ашырылышы бирдиктүү стандарт боюнча, ачык-айкын, чет мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен ишке ашырылып, катардагы жарандарга түшүнүктүү болушу шарт», — деп жыйынтыктады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар