21:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Укук коргоочулар бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга байланыштуу депутаттарга кайры

«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын өкүлдөрү 26-июнда Жогорку Кеңеш имаратынын алдында депутаттарга «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүгө каршы кайрылуу таратышты.

«Биз сиздерден Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузбоону, коомдук уюмдарга, бейөкмөт уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы антиконституциялык мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну сурайбыз», — деп жазылган кайрылууну жумушка кирип бара жаткан депутаттардын колуна беришти.

Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин кезектеги отурумунун күн тартибинен алынып калганын парламенттик демократия жаатында алектенип келаткан юрист Таттыбүбү Эргешбаева 25-июнда билдирди.

Анын айтымында, маселе комитеттин 27-июндагы отурумунун күн тартибине алтынчы болуп кирген, бирок кийин кайра алынып калган.

«Азаттык» мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова менен 26-июнда байланышканда «күн тартибинде эле турат» деп жооп берди.

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы 26-июнь, саат 10:00гө карата маалымат боюнча, аталган комитеттин күн тартибинде бул маселе көрүнбөйт.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты. «Адилет» укуктук клиникасы бул «чет өлкөлүк өкүл» мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 27-июнда 1-окууда карай турганы маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар