Сокулукта жаранды койдуруп, кырсык катталган жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6- апрелде, болжол менен саат 23.30 чамасында BMW E39 үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан айдоочу Белинский жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен 1971-жылы туулган Солтобек Арзыгулов аттуу жаранды койдуруп алган. Айдоочу кырсык катталган жерден качып кеткен, ал эми жабыркаган жаран жан берген.
Видео байкоого кырсыкка кабылгандан кийин айдоочунун унаадан чыгып, ары-бери басып жүргөнү жазылып калган.
Аны көрүп билгендер болсо төмөнкү телефон номерине билдирип коюуну суранышат: