Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитов сунушталат. Анын талапкерлигин бүгүн Жогорку Кеңештин комитет карап чыгат.
Өткүрбек Жамшитов Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. Ал 42 жашта. 1996-жылы Улуттук университеттин «юриспруденция» факультетин аяктаган.
Учурда Жалал-Абад облусунун прокурору. Үч балалуу.
Эскерте кетсек, Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны президенттин сунушу менен отставкага жөнөтүлгөн.