13:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Киши өлтүрүүгө шектүү эки жаран кармалды

Токмокто киши өлтүрүүгө шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде шаардагы батирлердин биринен 38 жаштагы А.С. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Соттук-медициналык экспертиза жаран киши колдуу болуп өлгөнүн аныктаган. Аталган факт боюнча адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы К.А. жана Т.И. аттуу жарандар кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар