12:56
USD 69.85
EUR 78.48
RUB 1.03

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылат

Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 24-апрелден 26-апрелге чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жараткандыктан Ички иштер министрлигинин жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы тарабынан саат 8-00дөн тартып, 22-00гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.

Ыссык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар