21:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат «саясий өлүк» деген сөзү үчүн Исаковду сотко берүүгө чакырды

«Ата Мекен» фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев төраганы өкмөттүн милдетин аткаруучу Сапар Исаковду сотко берүүгө чакырды.

«Кечээ Сапар Исаков парламентте 120 саясий өлүк отурат деп айтты. Мунун бүтүндөй өлкөнү уят кылган киши айтып жатат. Төрага парламенттин аброю коргошу керек? Буга кандай чара көрөсүз, сотко кайрыласызбы?» — деген суроону Дастан Жумабековго узатты.

Төрага Исаков айткан сөзү үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек деген пикирин билдирди.

«Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Исаковдун сүйлөгөн сөзүн мен дагы уктум», — деди Жумабеков.

Эскерте кетсек, кечээ депутаттар Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишенбестик көрсөтүп, мамлекет башчы өкмөттүн отставкасы жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар