18:05
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Токмоктун туругунун өлтүрүп жерге көмүп салган жарандар кармалды

Токмоктун туругунун өлтүрүп жерге көмүп салган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Токмоктун ички иштер бөлүмүнө шаарда адам өлтүрүү фактысы катталып, ал эми маркумдун жансыз денесин жерге көмүлгөн деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Окуя катталган жерге барган милиция кызматкерлери жер алдынан адамдын жансыз денесин алып чыгышкан. Денесине кароо жүргүзүү учурунда ал 33 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургун экендиги такталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул оор кылмышка шектелип, 17 жаштагы П.А. жана 33 жаштагы Д.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Териштирүү учурунда окуя болгон күнү каза болгон жаран менен кылмышка шектүүлөр чогуу спирт ичимдигин ичишип, пикир келишпестиктен мушташып кетишкен. 33 жаштагы М.А. алган жаракатынан улам каза болгон. Шектүү жарандар бул окуяны жаап-жашыруу максатында каза болгон жаранды жерге көмүп салышкан.

Бул факты боюнча Токмок шаардык ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар