07:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ош базарындагы өрт. Депутаттар өкмөттүн чараларын талкуулоодо

Жогорку Кеӊеште ушул жылдын 30-январында 5-мартында жана 13-апрелинде Ош базарында, ошондой эле 13-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында катталган өрттүн себептерин талкуулоодо. Ага кырсыктан жабыр тарткан жарандар дагы катышууда.

Өрттүн чыгуу себептерин аныктоо жана анын кесепетин жоюу чаралары жөнүндө маалымат берген вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун айтымында, Ош базарындагы 30-январда болгон өрттөн 3,5 миӊ чарчы метр, 5-марттагы өрттөн 2 миӊ чарчы метр, 13-апрелдеги өрттө 2 миӊ чарчы метр соода жайы күйгөн.

«Өкмөт тарабынан өрттөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча токтом кабыл алынып, мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Азыр жабыр тарткан жарандардын саны такталууда. Алдын-ала маалыматтарга караганда, 74 ишкердик субъект 17 миллион сом көлөмүндө зыян тарткан», — деди ал.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында чыккан өрттөн 359 ишкер 630 миллион сом өлчөмүндө зыян тартканы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 13-апрелде таңкы саат 04:00 чамасында Ош базарынан өрт кырсыгы катталган. Жыл башынан бери аталган жай үчүнчү жолу өрттөнүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума