14:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өзбекстан менен Орусия чогуу телеканал ачууну пландоодо

Өзбекстан менен Орусия чогуу телеканал ачууну пландоодо. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат технологияларын өнүктүрүү жана коммуникация министри Азим Ахмедхаджаев менен Орусиянын байланыш жана массалык коммуникация министринин орун басары Алексей Волиндин жолгушуусунда белгилүү болду.

Тараптар «Первый канал» акционердик коому менен чогуу жаңы телеканал ачуу маселесин карашты. Мындан тышкары белгилүү өзбек коомдук ишмерлери менен окумуштууларынын дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон салымдары жөнүндө даректүү тасма тасма тартуу үчүн орус режиссерлорун чакыруу ыктымалдуулугу талкууланды.

Иш-чарага Орусия президентинин иш башкармалыгы, ВГТРК, «Россия Сегодня», «Первый Канал», «Россия24» телеканалдарынын өкүлдөрү катышты. Алар санариптик көрсөтүү, технопарктар жана санариптик экономиканы өнүктүрүү, маалымат-коммуникациялык тармакта адистерди даярдоо туурасында пикир алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби