02:35
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Депутат: Республикалык жолдордун 70 пайызы кайра оңдоого муктаж

Республикалык жолдордун 70 пайызы кайра оңдоого муктаж. Бул тууралуу 16- апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда депутат Умбеталы Кыдыралиев билдирди. 


Мамлекет жол куруу үчүн ири суммадагы насыя алып жатканын айткан депутат, аны кабыл алуу жолун сурап кызыкты.

«Мамлекет кандай талаптардын негизинде кабыл алат?» — деген суроону тиешелнистрликке узатты.

Транспорт жана жолдор министри, ал үчүн атайын мекемелер аралык комиссия түзүлүп, курамы тиешелүү ишкана өкүлдөрүнөн тураарын айтты.

Депутат курулуп жаткан жолдор жыл маалына жетпей, оюлуп жатканын баса белгиледи.

«Бул маселе боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар барбы?» — деди ал.

Ал эми министр инвестициялык долбоорлор боюнча административдик гана жоопкерчиликке тартылганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума