21:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мадумаров: Сегизбаев жана Жолдубаева отставкасы аткезчилик ишине байланыштуу

УКМКнын мурдакы төрагасы Абдил Сегизбаев менен мурдакы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отставкасы Казакстанда камалган депутат Дамирбек Асылбек уулу айыпталып жаткан кылмыш ишине байланыштуу. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, акыркы отставкалардын себеби мурдакы жана азыркы президенттердин ортосундагы тирешүүгө байланыштууу эмес.

«Аны менен бийлик саясый эркин көрсөтүп жаткан жок. Мен билгенден отставкаларга Дамирбек Асылбек уулунун билдирүүлөрү себеп болду. Нурсултан Назарбаев кытайлык товарлардын агып кирип жаткандыгын айткан. Бул аткезчиликтин башында кимдер тургандыгы боюнча Казакстандын атайын кызматтарынын такталган маалыматтары президентке жеткендиги боюнча маалыматым бар. Бул кабар келиши менен 2-3 киши Кыргызстандан чыгып кетти» — дейт саясатчы.

Адахан Мадумаровдун айтымында, азыркы бийлик жемкорлукка каршы тандалма күрөш жүргүзүүдө.

«Жашынмак ойногондой алдын-ала эскертип, өлкөдөн чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берип жатат. Сооронбай Жээнбеков шайлоодо убадалаган 35 жемкордук тизмесин ачыктап, жазаласа болот эле» — деди ал.

Эскерте кетсек, Дамирбек Асылбек уулу 16-февралда Казакстанда кармалып, аткезчилик айыбы менен эки айга камалды.

Эң көп окулган жаңылыктар