03:53
USD 84.77
EUR 102.46
RUB 1.14

Соцтармакта жазган сөзү үчүн активист Бекмурат Ооган уулу УКМКга чакырылды

Активист Бекмурат Ооган уулу менен УКМКнын кызматкерлери профилактикалык маектешүү өткөрдү. Бул тууралуу 24.kg агентигине билдиришти.

Алардын маалыматында, Facebook тармагында Билал Сапаралиев деген ысым менен белгилүү болгон Ооган уулу Бекмурат соцтармактагы посту үчүн чакырылган.

Маалыматка карагаанда, аны «Биз Ханституцияга каршыбыз» жана «Тилекмат Куреновго боштондук» деп жазгандыгы үчүн чакырышкан.

Бекмурат Ооган уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү.

 
Эң көп окулган жаңылыктар