20:56
USD 87.43
EUR 102.75
RUB 1.17

12 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран камакка алынды

Чолпон-Атада 12 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.

««Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен кызга жыныстык кысым көрсөтүлгөндү же көрсөтүлбөгөнү аныкталат», — деп маалымдады мекемеден.

Эң көп окулган жаңылыктар