Чолпон-Атада 12 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.
««Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен кызга жыныстык кысым көрсөтүлгөндү же көрсөтүлбөгөнү аныкталат», — деп маалымдады мекемеден.