00:29
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Башкы прокурор Индира Жолдубаева токтоткон иштерди кайра карап чыгуу сунушталды

Башкы прокурор Индира Жолдубаева токтоткон иштерди кайра карап чыгуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

Эл өкүлү президент биринчи жолу өзүнүн конституциялык укугун колдонуп, башкы прокурорду кызматтан алууну сунуштап жатканын белгиледи.

«Бул туура чечим. Башкы прокурор өзүнүн башкы милдетин унутуп, бир эле кишинин буйругун аткарып калбашы керек. Бирок, Жолдубаева бул арада токтоткон, жапкан жана туура эмес козгогон иштерди дагы карап чыгышыбыз керек» — деди ал.

Белгилей кетсек, президент Индира Жолдубаеваны иштен алуу өтүнүчүн парламентке жөнөткөн. Кечээ парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өлкө башчысынын сунушун колдоду.

Ага чейин парламенттин «Ата-Мекен» жана «Республика-Ата Журт» фракциялары башкы прокурордун жылдык отчетун кабыл алышкан эмес.

Жыйынга Индира Жолдубаева өзү келген жок. Ал парламентке отчет берүүгө дагы келген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар