12:22
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков: Коррупция менен күрөштө досума карабайм

«Жемкордук менен күрөшүүдө мага жакынбы, бир тууганбы, досбу  эч нерсеге карабайм». Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучулары, жабыр тарткандар жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Буйруса мен мунун аягына чейин чыгарып берем. Тазасы таза, туурасы туура, туура эместери бардыгы чыгат, жашыруу деген болбойт. Азыр мына кеттиби процесс  мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, досбу  эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет. Бирок бул маселени жылдырыш кыйын болуп жатат, оор болуп жатат. Ошого карабай аягына чыгарып берем. Биз бул боюнча күч кызматтары менен тынбай иштеп жатабыз» деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдын 7-апрели  кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя экенин, кыргыз эли үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен эч качан келишпестигин жана чөгөлөп жашабай турганын эскертти. Ал өлкөдө бийлик айрым саясатчыларга эмес, элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек экенин баса белгиледи.

«Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеймин деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот» , деди Сооронбай Жээнбеков.

 
Эң көп окулган жаңылыктар