10:55
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Токтосун Сабыров УКМКнын 9-кызматынын зардалы болуп дайындалды

Токтосун Сабыров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын 9-кызматынын зардалы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эскерте кетсек, УКМКнын 9-кызматын буга чейин Дамир Мусакеев жетектеп келген. Ал 4-апрелде иштен алынган. Дамир Мусакеевди бул орунга мурдакы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дайындаган. Ал ага чейин анын жан сакчысы болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар