17:50
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

УКМКнын 9-кызматынын башчысы Дамир Мусакеев кызматынан алынды

УКМКнын 9-кызматынын башчысы Дамир Мусакеев кызматынан алынды. Бул тууралуу буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Дамир Мусакеевди бул орунга мурдакы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дайындаган. Ал ага чейин анын жан сакчысы болуп иштеген.

9-кызматтын жетекчиси УКМКнын төрагасынын орун басары даражасына ээ.

Жумуштан алынуунун себеби айтылбайт. Бирок, 31-март күнү КСДПнын курултайы өткөн «Орион» отелинин коопсуздугун Дамир Мусакеев өзү камсыз кылган. Ага көпчүлүк таң калуусун жашырган эмес. Анткени, УКМК жетекчилиги саясаттан алыс болууга милдеттүү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби