Бишкектин Жал кичи районундагы Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинен үч унаа сүзүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.
Кырсык 6- апрелде болжол менен саат 00:30 чамасында катталган. Учурда себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат.