15:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Премьер: Апрель окуясынын сабагын эч качан унутпашыбыз керек

Премьер-министр Сапар Исаков Апрель революциясынын 8 жылдыгын эскерүүгө арналган иш-чарага катышты.

Иш-чара көркөм фильм, театралдык көргөзүү жана 2010-жылдагы апрель окуяларында шейит кеткендерди эскерүү үчүн бир мүнөттүк үн басуу менен башталды.

Өз сөзүндө өкмөт башчы Апрель революциясынын заманбап тарыхындагы ордун айтып жатып, акыркы жылдары ошол окуялардан кийин Кыргызстанда бир катар жагымдуу өзгөрүүлөр болгондугун белгилеп кетти.

«Биз жетишкен жыйынтыктар менен токтоп калбайбыз жана өлкөбүздүн мындан ары өнүгүшүнө бардык аракеттерди жумшайбыз. 2010-жылдагы апрель окуясынын сабагын эч качан унутпашыбыз керек», — деп белгиледи Сапар Исаков.

Эң көп окулган жаңылыктар