19:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Атамбаевдин жан сакчысы эмнеге УКМКдан айдалганы айтылды

УКМК өздүк коопсуздук кызматы тарабынан 9-кызматтын кызматкери Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, июль айында Канат Сагымбаев кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды тапшырып, атайын техниканы гаражга өткөрүү көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.

Андан сырткары, ал коопсуздук кызматынын ички инструкциясын бузуп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барган.

Канат Сагымбаев «Кызматтык дал келбестик» беренесинин негизинде коопсуздук органдарынан бошотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар