23:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жалал-Абаддагы Көк-арт дарыясы ашып кетиши мүмкүн

Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкаруусундагы Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, дарыя № 9 дамбанын жээгин жеп кетүү жана Кыргызстан айылындагы болжол менен 80ден ашуун турак жайды каптап кетиши ыктымал.

Жеринде КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык бөлүмү жана мэриясы тарабынан нөөмөт уюштурулган. 2-апрелинде алдын алуу иш-чаралары улантылат.

Эскерте кетсек, буга чейин облустун Сейдикум айыл аймагына суу каптоо коркунучунан улам өзгөчө кырдаалдар киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума