03:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Базар-Коргондун Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди

Жалал-Абад облусунун Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, кечээ жааган жаандан кийин Кара-Үңкүр дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында «Алтын-Була» пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжолу менен 110 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралган.

Жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана ыкчам тобу тартылып, 5 даана техниканын, жергиликтүү 30 тургундун жардамы менен дарыя жээгин бекемдеп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар