Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкаруусундагы Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Алардын маалыматында, дарыя № 9 дамбанын жээгин жеп кетүү жана Кыргызстан айылындагы болжол менен 80ден ашуун турак жайды каптап кетиши ыктымал.
Жеринде КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык бөлүмү жана мэриясы тарабынан нөөмөт уюштурулган. 2-апрелинде алдын алуу иш-чаралары улантылат.
Эскерте кетсек, буга чейин облустун Сейдикум айыл аймагына суу каптоо коркунучунан улам өзгөчө кырдаалдар киргизилген.