Орусияда жол кырсыгынан 8 Кыргызстан жараны жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 1-апрель күнү саат 09:30 чамасында Рязань облусунун Шацкий районунда, Урал М5 унаа жолунун 377-чакырымында катталган. «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги электр карагайын сүзгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын ичиндеги 8 адам жабыркап, Шацкий райондук ооруканасына жеткирилген.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар Кыргызстандын жарандары.