22:45
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

АКШга жооп. Орусия 60 америкалык дипломатты чыгарат

Орусия мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызын ууландырууга айыптап жаткан өлкөлөрдүн дипломаттарын чыгаруу менен жооп кайтарат. Бул тууралуу Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров билдирди.

Негизинен Орусиядан 60 америкалык дипломат чыгарылат, алардын 58и Москвада, экөө Екатеринбургда иштеген. Аларга өлкөдөн 5-апрелге чейин чыгып кетүү талабы коюлду. Мындан тышкары эки күн ичинде АКШнын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу жабылат.

4-мартта Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги кызы экөө Британиянын Солсбери шаарчасында эс-учун жоготкон абалда табылган. Алар ооруканага жеткирилип, экөө тең комага түшкөн. Лондон Скрипалдарды ууландыруунун артында Москва турат деп эсептейт жана орусиялык 23 дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган.

Британия, АКШ, Евробиримдиктин бир нече өлкөсү, Канада, Норвегия, Албания, Македония жана Украина жалпысынан 140тай орусиялык дипломатты чыгарганы жатат.

Кремль бардык дооматтарды четке кагууда жана ошондой эле жооп кайтаранын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар