19:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тажик жарандары Кемероводогу өрт маалында 50дөн ашык кишини куткарган

Кемерово шаарында жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборундагы өрт маалында кийим-кече саткан дүкөндө иштеген беш тажикстандык 50дөн ашык кишини куткарып калган.

Бул тууралуу көптөгөн ММКлар жана социалдык түйүн колдонуучулары жазышты. Алар адамдардын дүкөндүн кошумча эшиги аркылуу чыгып кетишине жардам беришкен.

«Имараттан тез арада чыгып кетүүнүн жолун таппай, эмне кыларын билбей топтолуп турган адамдарды көрдүк. Арасында карылар жана балдар дагы бар экен. Айрымдары тумчуга башташкан. Биз алардын баарын дүкөндүн артындагы кошумча эшик аркылуу сыртка чыгардык», — деди куткаруу иштерине катышкан тажикстандыктардын бири Фарзон Салимов.

Анын айтымында, андан кийин алар соода борбордун башка бөлүгүндо турган адамдарды, анын ичинде майыптар арабасындагы эки кишини куткарышкан.

Фарзон Салимов Орусияда 2003-жылдан бери жашайт. Окуу жайды ошол жерде аяктап, орус жарандыгын алган. Учурда үй-бүлөсү менен Кемерово шаарында жашайт. Өрт маалында адамдарды куткаруу иштерине анын менен бирге «Зимняя вишня» соода борборундагы кийим-кече саткан дүкөндө иштеген Тажикстандын төрт жараны катышкан.

Расмий маалыматтар боюнча соода борборундагы өрттөн 64 адам каза тапкан.

Эң көп окулган жаңылыктар