12:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда бир аптада 500 айдоочу мас абалында кармады

Бир жума аралыгында Кыргызстанда 20 миң 977 административдик укук бузуу катталган. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын ичинен 530 айдоочу унааны ичимдик ичип алып башкаргандыгы үчүн кармалган. Документи жок башкаргандардын саны 460га жетсе, жогорку ылдамдыкта айдагандардын саны 2 миң 905ти түзгөн.

3 миң 878 айдоочу жол белгилеринин талаптарын аткарган эмес. 4 миң 735 айдоочу коопсуздук курун тагынбаса,1 миң 680 киши унаасынын жарыгын күйгүзбөй келе жатып кармалган. 1 миң 712 айдоочу башкаларга тоскоолдук жаратса, 2 миң 891 кишиге унаа башкарып келе жатып телефон менен сүйлөшкөндүгү үчүн айып салынган.

Бардыгы болуп 1 миң 118 унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби