Бишкекте беш жашар бала балкондон секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22- мартта катталган. Бала үйдө жалгыз калган.
"Кошунасы өтүп бара жатып баланы балкондон көрүп калган. Ата-энесине байланышка чыгуу мүмкүн болбогондуктан, ӨКМга чалышкан. Окуя катталган жерге барган куткаруучулар баланы экинчи кабаттын балконунан түшүрүп, энесине өткөрүп берген",- деп маалымдайт ӨКМ.