00:16
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте студенттер пакистандыктарга кол салды

Бишкекте студенттер пакистандыктарга кол салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 18 — мартта, болжол менен саат 00:30 чамасында «102» кызматына каракчылык фактысы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Анда бейтааныш 3 киши пакистандык студенттердин батирине кирип, аларды ур-токмокко алып, уюлдук телефондорун, ноутбуктарын жана 4 миң сом акчаларын тартып алганы маалымдалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1997- жылы туулган А. А., 2002-жылы туулган К. Н. жана 1999-жылы туулган И. Э. аттуу жарандар кармалган. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар