23:44
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Нарында мал уурдаган топ кармалды

Нарында облусунда мал уурдаган топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

1-мартта Нарын райондук ИИБга Нарын районунун Таш-Башат айылынын 44 жаштагы У.Д. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Арызда өткөн жылы талаада жүргөн жылкыларынын арасынан бир баш жылкысы белгисиз себептер менен жоголуп кеткени жазылган.

Ушуга эле катар, Нарын районунун Кеңеш айылынын 79 жаштагы М.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, талаада аркандалып турган малын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.

Жогорудагы кылмыш иштери боюнча Нарын облустук ИИБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, жогорудагы кылмыштарга шектүү катары Нарын районунун Дөбөлү айылынын 34 жаштагы М.уулу А. жана Б.Б., 31 жаштагы А.С. менен К.Б., Кеңеш айылынын 37 жаштагы Т.А. аттуу тургундары кармалган.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар