13:27
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

17-мартка аба ырайы: Өлкөдө 14 градуска чейин күн жылуу болот

Эртең, 17-мартта өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө −1...-6° суук, күндүз +9...+14° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −2° сууктан ...+3° чейин жылуу болсо, күндүз +9...+14° жылуу болот.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −3...-8° суук, күндүз +2...+7° жылуу болот.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −4...-9°, күндүз 0...+5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −20...-25°, күндүз −5...-10° суук болушу күтүлөт.

18-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар