11:51
USD 69.34
EUR 80.35
RUB 1.06

Сокулукта белгисиз адамдар 60 000 сомдук көчөттү уурдап кетишти

Сокулукта белгисиз адамдар 600 көчөттү уурдап кетишкен. Бул тууралуу жабырлануучу билдирди.

Маалыматка ылайык,  көчөттөр сатуу үчүн өстүрүлгөн. 

«Дөңгөлөгүнүн изине караганда алар жол тандабас менен келишкен. Күзүндө дагы 400 көчөтүмдү уурдаткам. Тилекке каршы уурулар табылган эмес. Ал эми окуя катталган жерден стакандар, бөтөлкөлөр жана баштыктар табылды», — дейт жабырлануучу Асылбек Сыдыков.

Анын айтымында, уурдалган 600 көчөттүн баасы 60 миң сомду түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар