USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Токиодогу кыргыздар Ак калпак күнүнө карата тушоо кесүү өткөрдү

09:50, 06 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Токио шаарында жашаган мекендештер Ак калпак күнүнө карата тушоо кесүү уюштурду. Бул тууралуу Япониядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү билдиришти.

Алардын маалыматында, 4-март күнү Токиодо иштеп, окуп жүргөн 50дөй мекендештер топтолду. Төрт үй-бүлөнүн жаңы кадам шилтеген балдарынын тушоосун кесилди.

«Өзүбүздүн ашканын тамактарын жасап, таза абада баарлашып, жакындан таанышып алдык. Тушоо кесүүдө балдар чуркап, белек алып кубанып калышты. Балдарыбызга каада-салтты үлгү кылып көрсөтүп, бири-бири менен эне-тилинде сүйлөшүп алуусуна шарт түзүү үчүн жолугушууларды байма-бай өткөрүп туралы деп чечтик» -дейт иш-чаранын уюштуруучусу Гүлзар Мухтарова.

Диаспора өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө, Японидагы кыргыздардын саны азыр 500гө жакын. Акыркы жылдары Japan Stile программасы менен иштөөгө келгендер көбөйдү.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика