14:35
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Таза жашоо. Өкмөт өлкө боюнча үч айлык ишембиликке чакырат

Өлкө боюнча көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча 3 айлык өткөрүлөт. Бүгүн «Таза Жашоо» улуттук кампаниясын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны болду.

Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык,  үч ай ичинде шаарларды жана республиканын калктуу пунктарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана аймактарды жашылдандыруу боюнча үч айлык өткөрүлмөкчү. Демилге президенттин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп жатат.

«Бул коомчулуктун масштабдуу мобилизациясы жана алдыдагы жайкы туристтик сезонго болгон даярдык. Компаниянын алкагында жер жерлерде санитардык абалды жакшыртуу жана ар бир айылды жашылдандыруу боюнча жалпы ишембиликтер уюштурулуп турат. Тазалоо жана көрктөндүрүү комплекстүү түрдө жүргүзүлөт», — дейт өкмөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар