11:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ишембилик. Өлкө аймагында 8,5 тонна таштанды чыгарылды

Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн ишембиликтин жыйынтыгында өлкө боюнча жалпысынан узундугу 3200 метр канал, 5337 метр ички арыктар тазаланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5205 унаа жолдун жээктери, 2,5 чакырым участок тазаланып, 8,5 тонна таштанды чыгарылды. Мындан тышкары 71 түп көчөт отургузулду.

Эске салсак, 16-мартта өлкө аймагында жалпы ишембилик уюштурулду. Ага президент, өкмөт башчы министрлери менен, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. 

Эң көп окулган жаңылыктар