12:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Wildberries Кыргызстанда өз ишин убактылуу токтотту

Wildberries Кыргызстанда өз ишин эки жумага токтотту. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Мекеменин башчысы Темир Сариев Wildberries компаниясынын өкүлү Максим Губанов менен жолугуп, аталган платформа аркылуу Кыргызстандан товар ташууга байланышкан олуттуу маселелерди талкуулады. Компания Казакстан тараптын айрым документтерди берүү талабынан улам Кыргызстандан товар жөнөтүүнү токтоткон.

«Күн сайын Wildberries 5 тоннадан ашык товар жөнөтөт, жалпы суммасы 25 миң доллардан ашат жана бул башталышы гана. Мындай жагдай бул платформа аркылуу иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн. Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Аба каттамы жана темир жол аркылуу товарларды жөнөтүү сунуштары болгон. Бул варианттардын баары кылдат изилденет», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар