10:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда көбүнчө Чүй облусунун тургундары Кытай жараны менен никеге турууда

Акыркы 17 жылдан бери Кыргызстанда кытай жарандары менен 195 нике катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондорунан 11, ал эми Свердлов районунан 5 нике күбөлүгүнүн китепчеси берилген.

Ошондой эле 112 түгөй бакыт үйүнө барып баш кошушкан. Ош облусу боюнча кытай жарандары менен никеге тургандардын саны 16, Жалал-Абад облусу боюнча 4, Чүй облусу боюнча 21, Ысык-Көл облусу боюнча 3 болсо, Нарын облусунда 1.

Эң көп окулган жаңылыктар