08:50
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Казакстанда коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичкендер жоопкерчиликке тартылат

Казакстанда 350 үй-бүлөгө спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Казакстандын полиция кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичкендерди административдик жоопкерчиликке тартууну мыйзамдаштыруу маселеси каралууда.

Ошондой эле спирт ичимдиктерин керектөөгө сот тыюу салууга мүмкүн болгон беренелер дагы бар.

Өткөн жылы дагы 350 кишиге спирт ичимдигин колдонууга тыюу салынып, ыркы келишпеген 10 миң үй-бүлө каттоого алынган. Эгер алар тартип сакчыларынын талаптарын аткарбаган шартта 15 күнгө камакка алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар