10:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түштү

Бишкек-Ош унаа жолунун үч жерине кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көчкү саат 13:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 260- чакырымына, ушул эле саатта Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымына жана Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-100-чакырым аралыгына түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана каза болгондор жок. Жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар