04:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ат-Башыда 13 жашар кыз асынып алды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 13 жашар кыз асынып алды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Алардын маалыматында, 6-класстын окуучусунун сөөгү 23-февралда табылган.

«Кыз кечинде сыртка чыгып кеткен. Үйүнүн кампасына асынып алыптыр. Денесинен зомбулуктун белгилери табылган жок. Тергөө жүрүп жатат» — дейт милиция.

Жыл башынан бери эле бир нече мектеп окуучусу жанын кыйды. Январь айында Кара-Сууда 7-класстын окуучусу, февралда дагы эки окуучу өз өмүрүнө кол салышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар