23:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Самаркандда окуучуну мектеп дарбазасы басып калып мерт болду

Самаркандда орто мектептин 6-классынын окуучусун 4-майда темир дарбаза басып калып мерт болду.

Баланын туугандары мектептин короосундагы дарбаза жергиликтүү ишкер тарабынан мыйзамсыз орнотулганын, ошондуктан кулап калганын билдиришүүдө.

«Жээним жана башка окуучулар мына ушул жапыз дарбазадан дайыма өтүшчү. Бул бир жыл мурун мектептин жанында жашаган жергиликтүү ишкер тарабынан орнотулуптур. Дарбаза туура эмес коюлган, пайдубалы болгон эмес, андыктан шалактап турчу. Жээним дарбазага асынып өтмөк болгондо, ал кулап кетип башын басып калган», — дейт маркумдун тууганы.

Мектеп директору окуу жайдын анча чоң эмес бөлүгү жергиликтүү ишкерге берилгенин тастыктады. Анын айтымында, ишкер жер тилкесине спорт зал курууну убада кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар